Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Львовго дрон менен жапырт чабуул коюлду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

19-сентябрга караган түнү Украинанын аймагы 30 жолу “Шахед” жанкечти дрону жана бир жолу "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен аткыланганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Учкучсуз учактардын 27син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алар түштүк-чыгыш багытта учуп келишкени, ал эми баллистикалык ракетаны орус аскерлери аннексияланган Крымдан Кривой Рог шаары көздөй учурушканы кабарланды, ракета кайсы жерден атып түшүрүлгөнү маалымдалган жок.

Социалдык түйүндөрдө Кривой Рог шаарында көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы, дрондордун жапырт чабуулуна Львов шаары кабылганы, жарылуулар болгону, эки адам жараат алганы жөнүндө кабарлар чыкты. Облустук админстрациянын башчысы бир киши оор жараат алганын билдирди.

Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчылары Львовго кол салуу маалында орусиялык учкучсуз учактар шаардын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый борборунун, анын ичинде башкы Рынок аянтынын үстүнөн учуп өткөнүн кабарлашты. Журналисттери муну Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Львовдо эң узакка созулган дрон чабуулу экенин белгилешти.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 18-сентябрда Краснодар аймагындагы Приморско-Ахтарск шаарынан жанкечти дрондорду учурган. Беш сааттан кийин алар Львовго жеткен.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугуКремлди агрессор катары айыптап жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG