Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды


Архив сүрөт. Тайырбек Жумашбек уулу.
Архив сүрөт. Тайырбек Жумашбек уулу.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу коло медал тагынды. Жумашбек уулу 17-сентябрда эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта коло байге үчүн беттеште жапониялык Кодай Огаваны утту (2:1).

Ал бир күн мурда үч жолу беттешке чыккан. Алгач 1:8 финалда азербайжандык Интигам Ализаданы, чейрек финалда түркиялык Эрмах Орманоглуну утуп, жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджауга жеңилген.

Бул күнү дагы бир кыргызстандык Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта коло байге үчүн беттеште болгариялык Рамазан Рамазановго жеңилип, 5-орунду ээледи. Акматалиев буга чейин 16-сентябрда 1/8 финалда швейцариялык Марк Дейчти 12:6 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Амирмохаммад Бабак Язданичератиге жеңилген. Ирандык балбан финалга чыккандыктан, Акматалиев жооткотуучу беттешке жолдомо алып, ал беттеште польшалык Патрик Оленчинди жеңип, 3-орун үчүн таймашка чыккан. Акматалиев буга чейин Дүйнө чемпионатынын коло (2022-ж.) жана күмүш (2021-ж.) медалдарын тагынган.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн болот.

Буга чейин кыргызстандык эркин күрөш балбандары Нарбек Изабеков (86 кг), Айаал Лазарев (125 кг), Арсалан Будажапов (74 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) таймаштарын жыйынтыкташкан.

Бул Дүйнө чемпионатында жогоруда аталган күрөштүн үч түрүнөн тең алтыдан салмакта Парижде 2024-жылы өтө турган жайкы Олимп оюндарына бештен жолдомо берилет. Алдыңкы үч орунду ээлеген төрт балбан жана 5-орундагы бир балбан Олимпиадага берилчү алгачкы жолдомолорду алат. 5-орунду ээлегендер жолдомо үчүн өзүнчө күрөшөт. Күрөш боюнча Олимпиадага жолдлмл берилчү салмактар төмөндөгүдөй:

Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG