Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Дрон согушу: Москваны мээлеген ким?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Украин бийлиги 17-сентябрдын таңында Орусия учурган ракета жана дрондор Одесса облусунун түштүк райондорун бутага алганын билдирди.

Орусия Москва баштаган бир катар аймактарга дрон менен чабуул койгону үчүн украиндерди айыптады. Киев мындай айыптоолорго комментарий бербейт.

Кара деңиздеги убактылуу ачылган жаңы коридор менен эки жүк ташуучу кеме украин портторуна жетти.

Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына алты дрон-камикадзе жана 10 ракета учурганын украин аба күчтөрү жарыялады. Маалыматта айтылгандай, негизинен Одесса облусунун түштүк райондору бутага илинип, алты дрон жана алты ракета асмандан жок кылынган. Чабуулдан Одесса облусундагы айдоо жерлери жана Березовский районундагы буудай сактаган кампа жабыр тарткан.

Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов түн ичинде төрт ракета жарандык жайларга тийгенин, эртең менен саат 11де орус аскерлери “Искандер К” канаттуу ракетасы менен сокку урганын билдирди.

Бир канча имарат, анын ичинде жеке менчик үйлөр жабыркап, алты киши ооруканага түштү. Танкка каршы ракета Глубокое жана Стрелеча айылдарынын ортосунда машинеге тийгенде эки киши набыт болду.

Купянск районунда 23 жаштагы тургун жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский ишембинин кечиндеги видео кайрылуусунда Орусия басып кирип, согуш ачкандан бери украин элине көрсөткөн көмөгү үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык айтты:

“Бул аптада коргонуу тармагы боюнча маанилүү макулдашууларга жана башка жардам алууга жетиштик”, - деген Зеленский Дания, Германия, Бельгия, Норвегия ок-дары, курал-жабдык менен камсыздап, учкучтарды машыктырып, каржылык колдоо көрсөткөнүн баса белгиледи. Украин лидери бул сапта АКШ менен Түштүк Кореяны дагы атады.

Кара деңиздеги убактылуу коридор

Кара деңиздеги убактылуу ачылган жаңы коридор менен эки жүк ташуучу кеме украин портторуна жетти. Палаунун желеги менен сүзгөн Aroyat кемеси Кара деңиздин акваториясына ишембинин кечинде, ал эми Resilient Africa түнкү 10го жакын кирген. Ошентип эки жарандык кеме Москва “дан келишимин” бузгандан кийин Одессанын портуна келди.

"Дан келишими" токтогондон кийин буудай ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Киев Кара деңизде убактылуу коридор түзүлөрүн жарыялаган. Эки кеме Одессанын портунан 20 тоннадай украин буудайын жүктөп, Азия жана Африка өлкөлөрүнө сапар алат.

Суудагы орус аскерлеринен жана калкыган миналардан коркунуч туулгандыктан, кеменин ээси же капитаны мындай опурталдуу шартта сүзүүгө макулдугун бергенден кийин гана жолго чыга алат.

Украинанын инфраструктура министры Александр Кубраков экипаж сапарга даяр экенин ишембиде күндүз жарыялаган.

17-июлда Орусия Кара деңиздеги порттордон украин данын экспорттого жол ачкан келишимден чыгып, кемелердин коопсуз катташына кепилдик берүүнү токтоткон. Ага удаа эле орус армиясы Украинанын портторуна жана эгин кампаларына, тегирмендерине сокку ура баштаган.

Москваны мээлеген дрон

Жекшембиге караган түнү Москвага дрон менен чабуул болгонун орус баш калаасынын мэри Сергей Собянин билдирди. Мэрдин маалыматына караганда, жабыр тартып, зыянга учурагандар жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги учак үлгүсүндөгү дронду жергиликтүү саат менен түнкү 1:45те атып түшүргөнүн маалымдады.

Внуково, Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда 30дай авиакаттам кармалып, алты учак учпай калганын орус маалымат каражаттары жазды.

Ага чейин Baza Телеграм-каналы аба майдандарында коргонуу планы жарыяланганын кабарлаган. Мындай план асманда таанылбаган же кооптуу объектилер пайда болгондо жарыяланат. Андай учурда аскердик жана издеп-куткаруучу авиация гана абага көтөрүлө алат.

Орел шаарында учкучсуз аппарат мунай иштеткен базанын аймагына түшкөнүн аймактын губернатору Андрей Клычков Телеграмга жазды.

Shot Телеграм-каналы күйүүчу май куюлган резервуар күйүп кеткенин кабарлады.

Андан соң губернатор "атайын кызматтар, ыкчам иликтөө тобу жеринде иштеп жатканын, кырдаал толук көзөмөлдө экенин" жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында алты дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Мекеме адагенде жарым аралдын батыш жээгине эки дрон сокку урганын, жарым сааттан кийин “түндүк-батыш жана түштүк жээкте” дагы төрт укучсуз аппарат аныкталганын билдирди. Алардын баары жок кылынганын маалыматта камтылган.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн эмес экенин эске салабыз.

Украина: Крым дрон чабуулуна кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG