Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

ДСУ: COVID-19 кайдан чыкканын аныктоо үчүн Кытайдан толук маалымат керек


Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебреисус
Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Гебреисус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) башкы жетекчиси Тедрос Гебреисус СOVID-19 вирусунун кайдан чыкканын аныктоо үчүн Бээжинди толук маалымат берүүгө чакырды.

Эл аралык уюм ал үчүн Кытайга экинчи топту жиберүүгө даяр экенин Financial Times 17-сентябрда жазды.

“Вирустун кайдан келип чыкканынын чоо-жайын билүү үчүн Кытайдан толук мүмкүнчүлүк бергиле деп суранып жатабыз. Башка өлкөлөрдү дагы эки тараптуу жолугушууларда ушул маселени көтөрүп, Бээжинди кызматташууга чакырууну өтүнөбүз”, – деди Гебреисус.

ДСУнун жетекчисинин мындай билдирүүсү дүйнөдө саламаттык сактоо мекемелери менен фармацевтикалык компаниялар коронавирустун жаңы варианттарына каршы вакцинаны жаңылоо керек деп шашылып жаткан жаткан маалда жарыяланды.

Гебреисус буга чейин эле кытай бийлигин СOVID-19 кайдан келип чыкканы тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө чакырган, бирок ал сунуш аткарылган эмес. Андыктан адамзатты дүрбөлөңгө салган вирустун чоо-жайы тууралуу ар кандай гипотезалар алигиче далилдене элек.

2019-жылы декабрда Кытайдан СOVID-19 тараган. Айрым маалыматтарда анын очогу жаныбарларды саткан базар болгону айтылып келет. Вирус Жер шарына жайылып, 7 миллионго чукул кишинин өмүрүн кыйды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG