Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Москвага жана аннексияланган Крымга дрон менен чабуул коюлду


Крымдагы аскердик жайлардын картасы
Крымдагы аскердик жайлардын картасы

17-сентябрга караган түнү Москвага дрон менен чабуул болгонун орус баш калаасынын мэри Сергей Собоянин билдирди. Мэрдин маалыматында жабыр тартып, зыян тарткандар жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги учак үлгүсүндөгү дронду жергиликтүү саат менен түнкү 1:45те атып түшүргөнүн маалымдады. Baza Телеграм-каналы борбор калаадагы Внуково, Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда атайын коргонуу планы жарыяланганын жазды. Мындай план асманда таанылбаган же кооптуу объекттер пайда болгондо жарыяланат. Андай учурда аскердик жана издеп-куткаруучу авиация гана абага көтөрүлөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында алты дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Мекеме адагенде жарым аралдын батыш жээгинде эки дрон сокку урганын, жарым сааттан кийин “түндүк-батыш жана түштүк жээкте” дагы төрт учкучсуз аппарат аныкталганын билдирди. Алардын баары жок кылынганы маалыматта камтылган.

Москва украин армиясынын дрондору чабуул коёт деп айыптаса, Киев Орусиянын аймагындагы андай соккуларга комментарий бербейт.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эместигин эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG