Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

Украина: Одесса, Харьков облустары чабуулга кабылды


Одессадагы буудай сактаган кампа
Одессадагы буудай сактаган кампа

Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына алты дрон-камикадзе жана 10 ракета учурганын украин аба күчтөрү жарыялады. Маалыматта айтылгандай, негизинен Одесса облусунун түштүк райондору бутага илинип, алты дрон жана алты ракета асмандан жок кылынган. Чабуулдан Одесса облусундагы айдоо жерлери жана Березовский районундагы буудай сактаган кампа жабыр тарткан.

Харьков облусунун аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов түн ичинде төрт ракета жарандык жайларга тийгенин, эртең менен саат 11де орус аскерлери “Искандер К” канаттуу ракетасы менен сокку урганын билдирди. Бир канча имарат, анын ичинде жеке менчик үйлөр жабыркап, алты киши ооруканага түштү.

Танкага каршы ракета Глубокое жана Стрелеча айылдарынын ортосунда машинеге тийгенде эки киши набыт болду. Купянск районунда 23 жаштагы тургун жараат алды.

Соңку күндөрү Харьков облусунун бир катар райондору чабуулга кабылды.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн эмес экенин эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG