Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:03

НАТОнун баш катчысы Украинада уруш жакында бүтпөй турганын айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинадагы согушу жакында бүтпөй турганын айтты. 17-сентябрда немистердин Die Welt басылмасы жарыялаган маегинде ал аскердик альянска кирген өлкөлөр Украинада тынчтыктын тезирээк орношун кааларын, бирок эгер Украина согушпай койсо, өлкө катары жоголоруна токтолгон.

“Эгер президент Владимир Зеленский жана украиндер кармашпай койсо, алардын өлкөсү жок болуп кетерин биз түшүнүүбүз абзел. Башка жол жок. Эгер президент Владимир Путин жана Орусия куралын таштаса тынчтык орнойт” – деп айткан баш катчы. Ал ошондой эле Украина акыры НАТОго мүчө болуп кирерин дагы белгилеген. Бирок качан ишке ашарын так айткан жок.

НАТОнун июлдагы саммитинде Украина башында күтүлгөндөй аскердик бирикмеге кошулууга чакыруу алган жок. Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясында "Чоң жетиге" кирген өлкөлөр эки тараптуу узак мөөнөттүк келишимдердин негизинде Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздары жазылган.

Украинага курал-жабдык берип жаткан Европа өлкөлөрүнүн чыгымы өсүп жатканына Столтенберг немис өкмөтүнүн тарыхын эске салган.

“Кансыз согуш" маалында Конрад Аденауер же Вилли Брандт башкарып турганда коргонууга кеткен чыгым экономикалык өндүрүштүн 3-4% чейин түзгөн. Эми ошону кайра жасашыбыз керек” деген жүйө келтирген.

Баш катчы НАТОну жетектегенден бери анын мекени- Норвегияда “саламаттык сактоого, билим берүүгө же инфраструктураны өнүктүрүүгө көп акча керек болуп турганда коргонууга акча бөлүү канчалык кыйын экенин” түшүнгөнүн да айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG