Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Киев бюросунун жетекчиси Инна Кузнецова көз жумду


Инна Кузнецова
Инна Кузнецова

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Киев бюросунун жетекчиси Инна Кузнецова 61 жашында Вильнюс шаарында катуу оорудан улам дүйнө салды.

Инна Кузнецова 1963-жылы 30-мартта Киев шаарында туулган. Украинанын баш калаасындагы Тарас Шевченко атындагы улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүргөн. Украин улуттук радиосунда кабарчы, саясий баяндамачы болуп эмгектенген. «Эра-FM» радиосунун башкы редактору болгон. 2009-жылы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына (Радио Свобода) ишке өткөн.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин мындай орду толгус жоготууга кайгырып турганын билдирди:

"Ал бардык жерде көрсөткөн жетекчилик кыраакылыгы, кесибине жана өз мекенине жоопкерчилик менен берилгендиги, кесиптештерине чын дилинен кам көргөндүгү менен эсте калат. Иннаны жоктоп, анын элесин эсибизде сактайбыз».

Инна Кузнецова эл аралык медиа корпорациянын Киевдеги бюросун жетектеп турган маалда 2013-2014-жылдардагы Украиндагы саясий кризисти чагылдырганы үчүн кесиптештерибиз Дэвид Берк сыйлыгын алган.

"Азаттыктын" жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG