Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Бишкек-Стамбул каттамы: Эки жүздөй жүргүнчү кечээтен бери учагын күтүүдө


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Бир суткадан ашык убакыттан бери Бишкектен Стамбулга уча албай жаткан жүргүнчүлөрдүн каттамы эмне себептен үзгүлтүккө учураганы боюнча маалымат жок экенин 16-сентябрда “Азаттыкка” Turkish Airlines авиакомпаниясынын жергиликтүү кардарлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

15-сентябрдын түнүндө уча турган ТК 347 каттамы убактылуу токтотулганы, учуу качанкыга пландалып жатканын жүргүнчүлөр билет номуру менен атайын тиркемеге кирип, маалымат алса болору гана айтылды.

Жүргүнчүлөр социалдык түйүндөр аркылуу билдирип жатканына караганда, учак "Манас" аэропортунан 15-сентябрдын түнүндө чыгып, бир сааттай убакыттан кийин кайра Бишкекке конгон. Экинчи жолу учууга даярдык көрүлүп, бирок жүргүнчүлөр кайра аэропортко кайтарылган. 174 жүргүнчү мейманканага убактылуу жайгаштырылганы, бирок алардын арасында транзиттик каттам менен бараткандар да бар экени айтылууда.

"Манас" аэропорту да бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG