Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Ташиев былтыркы Баткен окуясында чек ара 15 жерден бузулуп, коркунуч жаралганын айтты


Баткендин Ак-Сай айылы. 2022-жылдын сентябры.
Баткендин Ак-Сай айылы. 2022-жылдын сентябры.

Бир жыл мурда Кыргызстандын чек арасы Тажикстан тараптан 15 жерден бузулуп, коркунуч жаралганын 16-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде чек арада курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүү иш-чарасында билдирди:

«Мамлекетибиздин чек арасы 15 жерден бузулуп кирип, түздөн-түз өлкөбүздүн эркиндигине, коопсуздугуна, эгемендигине жана чек ара бүтүндүгүнө коркунуч келтирилген”.

15-сентябрда Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айткан жана Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун билдирген.

"Ата-Бейит” көрүстөнүнө бир жыл мурда чек ара жаңжалында курман болгон төрт аскердин сөөгү коюлган. Ал жерге келечекте эстелик орнотулганы жатат.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG