Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

Украинадагы согушта өлгөн 32 миңден ашык орусиялык аскердин тек-жайы такталды


"Вагнер" жеке аскер компаниясына жалданып согушка баргандардын сөөгүн жерге берүү учуру. 22-февраль, Санкт-Петербург.
"Вагнер" жеке аскер компаниясына жалданып согушка баргандардын сөөгүн жерге берүү учуру. 22-февраль, Санкт-Петербург.

"Медиазона" басылмасы, ВВС радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 32 164 аскердин тек-жайын тактады. Алардын эки миңге жакыны украин армиясынын контрчабуулунун мизин кайтаруу учурунда каза тапкан.

Аты-жөнү аныкталгандардын алты миңден көбү абактан ары согушка жөнөтүлгөндөр экени 15-сентябрда жарыяланган маалыматта айтылат. Ал эми үч миңден ашыгы мобилизацияланган жарандар.

Иликтөөчүлөр согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына шилтеме жасап, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Алар жоготуулардын так саны мындан эки эсе көп болушу ыктымалдыгын четке кагышпайт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык айтпайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарга да түшүндүрмө бербейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Киев акыркы жолу мекенин коргоп курман болгон аскерлеринин саны 13 миңдей экенин маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG