Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Президент Жапаров музыкалык мектепке күтүүсүз барып текшерди


Садыр Жапаров музыкалык мектептерге барды. 15-сентябрь, 2023. Бишкек
Садыр Жапаров музыкалык мектептерге барды. 15-сентябрь, 2023. Бишкек

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды.

Мамлекет башчы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Фейсбук баракчасына жазды.

"М.Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулган, азыр окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты кейиштүү абалга келген. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, билим алууга тийиштүү шарттарды түзүү зарыл экенин белгилеген. Эки мектептин чегинде балдар үчүн жатакананын жаңы имаратын кура баштоону тапшырган.

Адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернат 1965-жылы Фрунзе шаарында ачылган. Мектептин эң негизги милдети - жогорку музыкалык окуу жайларына таланттуу балдарды даярдоо.

Кылдуу, үйлөмө, кыргыз эл аспаптарында ойноочуларды, хор дирижёрлорун, эстрада аткаруучуларын, музыка таануучуларды даярдайт.

М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 80 жылдыгы 2019-жылы белгиленди. 80 жыл ичинде окуу жай 5 миңден ашуун музыкалык искусствонун ар кайсы тармагынын адистерин чыгарып, алар кыргыз маданиятын даңазалап келет. Бүгүнкү күндө окуу жайда 300дөн ашык студент билим алып жатат. Тогуз адистик боюнча 130 окутуучу сабак берет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG