Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы негизги чек ара пункту ачылды


Торхам чек ара пунктунан өтүп жаткан жарандар.
Торхам чек ара пунктунан өтүп жаткан жарандар.

Пакистан Ооганстан менен негизги чек ара бекетин 15-сентябрда таңга жуук ачты. "Машал" радиосу жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтө баштаганын жазды.

Торхам өткөрмө пунктунда талибан аскерлери менен пакистандык чек арачылардын ортосунда 6-сентбярда атышуу болуп, чек ара пункту жабылган.

Маалыматка караганда, талибдердин Торхамда пост куруу аракетине Пакистандын коопсуздук күчтөрү каршылык көрсөтүшкөн. Ортодо кагылышуу жаралып, атышуу болгон.

Хайбер аймактык полициясы эки саатка созулган чатакта пакистандык бир жоокер жараат алганын, автоунаалар менен имараттар талкаланганын билдирди. Ошол эле учурда ооган консулдугунун кызматкери "Машал" радиосуна Пешаварда бир нече адам набыт болгонун айткан.

Торхам чек ара пункту Пакистан менен деңизге чыга албаган Ооганстандын ортосундагы негизги транзиттик пункту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG