Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондорго эстелик орнотулду


Чек ара жаңжалында курман болгондорго арналып тургузулган эстелик. 15-сентябрь, 2023. Баткен шаары.
Чек ара жаңжалында курман болгондорго арналып тургузулган эстелик. 15-сентябрь, 2023. Баткен шаары.

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондор эскерилүүдө. Бүгүн, 15-сентябрда Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондордун элесине арналган эстелик ачылды. Мемориалга 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында чек ара жаңжалында каза болгон 111 адамдын ысымдары жазылды.

Эстеликке 2021-жылдагы каргашада минометтун огунан көз жумган 12 жаштагы Мадина Рахматжан кызынын элеси түшүрүлгөн.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасына каза болгон жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал "мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы үчүн мамлекет болгон аракетин жумшап, ар тараптан чараларды көрүп жатканын" айтты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2022-жылы 14-17-сентябрда чек арада куралдуу жаңжал катталып, анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Ушул кагылышта атышуу учурунда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова окко учкан.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Мадина апасы жана сиңдиси үчөө качып келе жаткан учурда 10 метр алыстыкта минометтун огу жарылган. 12 жаштагы кыз ооруканага жетпей көз жумган. Окуучу кыздын энеси менен сиңдисине операция жасалган. Кийин жаңы курулган шаарчага Мадинанын ысымы ыйгарылган. (JsA/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG