Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Украина: Андреевка бошотулганы тууралуу эки ача кабар тарады


Украиналык аскер
Украиналык аскер

Украин аскерлери Донецк облусундагы Бахмут шаарына жакын Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотконун бейшембиде Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазды.

"Негизги кармаштар Андреевка, Курдюмовка, Клещеевка райондорунда уланууда. Андреевка - биздики. Биз өз позициябызды бекемдеп жатабыз", - деди Маляр.

Бирок анын артынан эле Бахмуттун жанындагы чабуулду жетектеп жаткан 3-бригаданын каналына чыккан билдирүүдө Андреевкада жана Клещеевкада айыгышкан салгылашуу уланып жатканы, "бошотулду" деп айтууга эрте экени маалымдалды.

Бахмут - Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданмалары - "вагнерчилер" ээлеп алгандан бери украин армиясы каармандык менен кармашып жатты.

Орус аскерлери Андреевкадан жана коңшулаш Клещеевкадан чыгып кете баштаганын орусиялык бир катар Телеграм каналдар бир күн мурун кабарлашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG