Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Орусия эки америкалык дипломатты "персона нон-грата" деп жарыялады


Москвадагы АКШнын элчилигинин имараты, 15-апрель, 2021-жыл.
Москвадагы АКШнын элчилигинин имараты, 15-апрель, 2021-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Москвадагы элчилигинин эки кызматкерин "персона нон-грата" деп жарыялап, жети күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.

Расмий кабарга ылайык, 14-сентябрда АКШнын элчиси Линн Трейси Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Орус тарап элчиликтин биринчи жана экинчи катчылары Жэффри Силлин менен Дэвид Бернштейндин ишмердиги "дипломатияга туура келбей турганын" жүйө келтирип, нота тапшырган.

Москва "америкалык дипломаттар орус жараны Роберт Шонов менен байланышта болуп, ага Орусиянын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган, акысын төлөп тапшырма берген" деп эсептейт.

АКШнын элчилигинен же Мамлекеттик департаменттен азырынча комментарий боло элек.

Роберт Шонов - АКШнын Владивостоктогу консулдугунун мурдагы кызматкери. ТАСС агенттиги ал март айында камалганын жазган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Шонов "Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясын колдогон эмес жана АКШнын өкүлдөрү менен кызматташкан".

АКШнын Мамлекеттик департаменти Шоновдун кармалышына тынчсыздануу билдирип, ага тагылган айыпты негизсиз деп белгилеген. Шонов Владивостокто 25 жылдан ашык иштеген, 2021-жылдын апрелинде консулдук жабылгандан кийин Москвадагы АКШ элчилигине кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн компанияга жумушка кирген.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө "Шоновдун милдети орусиялык маалымдоо каражаттарынын материалдарын чогултуу гана болгон", - деп айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG