Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Жалал-Абадда Баткенде курман болгон жоокерлер эскерилди


Жалал-Абадда өткөн эскерүү иш-чарасы.
Жалал-Абадда өткөн эскерүү иш-чарасы.

Жалал-Абад шаарында бүгүн 14-сентябрда Баткендеги бир жыл мурдагы кагылышууда курман болгон жоокерлер эскерилди. Эскерүү иш-чарасына маркумдардын жакындары, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтылып, акчалай жардам берилди жана мекен деп жан берген эр азаматтардын элеси түбөлүкө сакталары белгиленди.

2022-жылдын сентябрь айынын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта Жалал-Абад облусунан жалпы 10 жоокер курман болгон.

Баткендин өзүндө эскерүү иш-чаралары 15-сентябрда өткөнү жатат.

Бир жыл мурда 14-19-сентябрда болгон кандуу окуя үчүн эки өлкө бирин бири агрессияга айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG