Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү


Министрлер кабинети “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемесин түздү. 13-сентябрь, 2023
Министрлер кабинети “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемесин түздү. 13-сентябрь, 2023

Министрлер кабинетинин чечими менен экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү максатында “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Мындай чечим өкмөттүн 13-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Аталган мекеме экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордун негизги милдеттерине экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу, аны ишке ашырууга катышуу, продукцияны экспорттоону илгерилетүү, эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү, өлкө экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү кирет. Мындан сырткары мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

“Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемесинин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечүү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырылды.

Кыргызстан 2022-жылдын тогуз айында экспорттук багытынын географиясын Кытай, Түштүк Азия жана Европага карай бир кыйла кеңейтти. Экспорттук товарлардын тизмесинде жаңы өндүрүмдөр пайда болду. Адистер мындай көрүнүштү орус-украин согушу жана геосаясий кырдаалга байланыштырууда.

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстандын экспортунда Орусия 35,6%, Казакстан 24,7%, Өзбекстан 11,6%, Түркия 7,3%, Бириккен Араб Эмирликтери 5,2% ал эми Кытай 3,4% үлүштү ээлеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG