Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:16

Румыниянын Украина менен чектеш аймагында дрондун сыныктары табылды


Украинанын Измаил портунун Румыния тараптан көрүнүшү. 5-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын Измаил портунун Румыния тараптан көрүнүшү. 5-сентябрь, 2023-жыл.

Украина менен чек арасынан 14 чакырым алыстагы аймактан Орусияга караштуу болушу дрондун сыныктары делген калдыктар табылды. Бул тууралуу Румыниянын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттын калдыктары Нуфэрул жана Виктория шаарларынан анча алыс эмес жерден табылган. Бул аймактан 20 чакырым алыстыкта Украинанын Измаил порт шаары жайгашкан. Измаилге 13-сентябрга караган түнү жана андан мурда дрондор менен чабуул жасалган.

Орус армиясынын соңку кол салуусунан кеминде жети киши жабыркады. Мындан кийин чек арага жакын жайгашкан румын айыл-кыштактарынын тургундарына дрон сыныктары түшүшү мүмкүн экени эскертилген.

Буга чейин Румыниянын аймагынан эки жолу Орусияга караштуу дрондун сыныктары табылган. Биринчи ирет орусиялык учкучсуз аппараттын калдыктары 4-сентябрда Плауру айылынын аймагында аныкталган. Кийин 9-сентябрда дрондун сыныктары ушул эле айылда табылган.

Бул окуялардан кийин Румыниянын бийлиги Украина менен чектеш аймактарда бомбадан коргонуучу жай сала баштады.

Орусия төрт тараптуу дан келишиминен чыкканын жарыялагандан кийин Дунайдагы украин портторун аткылоону күчөттү. Румыниянын чек арасына жакын жайгашкан бул порттор аркылуу Украина дүйнөнүн булуң-бурчуна, анын ичинде Азия менен Африка мамлекеттерине буудай экспорттойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG