Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Кишинев "Sputnik Молдова" агенттигинин башчысын өлкөдөн чыгарды


Sputnik агенттигинин эн белгиси. 10-ноябрь, 2014-жыл.
Sputnik агенттигинин эн белгиси. 10-ноябрь, 2014-жыл.

Расмий Кишинёв орус бийлигине караштуу "Sputnik Молдова" маалымат агенттигинин башчысы Виталий Денисовду "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет" деген жүйө менен өлкөдөн депортациялады.

Денисов 13-сентябрда РИА Новости агенттигине өзүг Молдовага он жыл аралыгында кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Буга байланыштуу Молдованын Орусиядагы дипломаты Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Ал эми министрликтин маалымат катчысы Мария Захарова Денисовдун өлкөдөн чыгарылышын "Молдова бийлигинин демократия түшүнүгүнө жатпаган аракеттеринин бир бөлүгү" катары сыпаттады.

Ал эми Молдова өкмөтүнүн маалымат катчысы Даниэль Водэ "Денисов "жалган маалымат таратуу менен алектенерин" айтты. Кишинёв тескери пропаганда аркылуу мамлекетти алсыратууга жол бербестигин кошумчалады.

2022-жылы февраль айында Орусия Украинага негизсиз кол салганда Кишинёв Sputnik Молдова телеканалын улуттук коопсуздук маселесине байланыштуу жапкан.

Евробиримдик Кремлге караштуу Sputnik жана RT телерадиоканалдарынын ишмердигине шаркет аймагында тыюу салган.

Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстанда 2014-жылдан бери иштеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG