Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия саммити жана кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу жана анын алкагында кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров аймактагы мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Дүйшөмбүгө барат.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары катышат. Сапар алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт",- деп билдирди Азымбакиев.

Жапаров менен Рахмондун соңку жолугушуусу быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алкагында өткөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Тажик президентинин басма сөз кызматы да жолугушуу тууралуу маалыматында чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, чек аранын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылып жазылганын маалымдаган.

Кыргыз тараптын эсебинде долбоордук сызык (орток пикир табылган) бүгүнкү күндө 682 чакырымды түзүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG