Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ӨКМ: Ошто 45 билим берүү жайында өрт коопсуздугу сакталган эмес


Өткөн айда Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылындагы мектеп өрттөнүп кеткен.
Өткөн айда Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылындагы мектеп өрттөнүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары менен Ош облусундагы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун текшерип жатат. Ушул күнгө карата 45 жайда өрттүн болтурбоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү чаралары, эрежелер сакталган эмес деп табылды. Мындан улам мүчүлүштүктөрдү жоюуга мөөнөт берилди.

"Аталган министрликке караштуу Өрткө каршы көзөмөлдөө кызматы Ош шаарынын билим берүү мекемелерине дагы бир ай көзөмөл жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө карата шаар менен облуста 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаганы аныкталды. Мектептерге, бала бакчаларга суу жеңчелерин, түтүктөрүн, өрт өчүрүүчү каражаттарды калыбына келтирүүгө жана башка кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди. Ошондой эле мугалимдерге, тарбиячыларга жана окуучуларга өрт кырсыгын алдын алуу, болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылындагы мектеп өрттөнүп кеткен. Анын себеби тууралуу маалымат берилген эмес.

Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG