Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Ливиядагы сел эки миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланууда


Ливиядагы селдин кесепети
Ливиядагы селдин кесепети

Ливиянын чыгышында нөшөрдөн улам башталган сел кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганы кабарланууда.

Аймакты көзөмөлдөгөн Ливиянын улуттук армиясынын өкүлү беш миңден ашуун кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Жекшемби күнү каптаган "Дэниел" бороонунан Дерна шаары өзгөчө жабыркады. Ал жерде эле 250гө чейин адам каза болгону айтылууда. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы дамбаларды бузуп, шаардын борборуна жайылды. Шаардан тартылган сүрөттөр жана видеолор чоң кыйроолорду көрсөтүп турат.

Ливиянын чыгышындагы башка райондор менен кошо эң чоң шаар Бенгази да зыян тартты.

Убактылуу өкмөт ал жакты табигый кырсык зонасы деп жарыялап, эл аралык жардам кабыл алууга даяр экенин жарыялады.

Ливиянын улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтардын башкарган чыгыш аймактары убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG