Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:41

ЖК: комитет мамлекеттик мекемелерде Коомдук кеңештерди жоюуну колдоду


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 12-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик мекемелердин Коомдук кеңештерин жоюу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов баяндама жасап, бул институт ашыкча экенин айтты.

"Коомдук кеңештердин мүчөлөрү демократиялык шайлоолордо тандалбайт. Бирок ага карабай алар коомдун башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу артыкчылыктуу орунга ээ болуп, чечимдерди кабыл алууга катышууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бул жагдай мамлекеттик органдардын ачыктык, отчеттуулук деген принцибин бузат. Биз бул кеңештердин натыйжалуугу тууралуу дагы маселелер бар экенин белгилейбиз. Анткени алар конкреттүү сунуштарды киргизбейт. Жарандар мамлекеттик органдардын ишине коомдук талкуулар аркылуу катыша алат. Андан башка дагы жол-жоболор жетиштүү. Элдик курултай институту деле бар. Биз ушундан улам коомдук кеңеш институту ашыкча деп эсептейбиз",-деди Орозов.

Ушул жылы мартта аталган мыйзамдын долбоорун Коомдук кеңештердин мүчөлөрү талкуулаган. Анда бул институттун координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров жыйынга Юстиция министрлигинен жана өкмөттүн өкүлдөрү чакырылып, бирок эч ким келбегенин “Азаттыкка” билдирген.

“Мыйзамдын демилгечилери коомдук кеңештердин иши натыйжасыз экенин, аларга муктаждык жоктугун айтып, бул кеңештерди жоюуну демилгелеп жатат. Биз мындай тыянакка кантип келгенин сурап, буга байланыштуу талдоо жүрүп-жүрбөгөнүн билели дегенбиз”, - деген Абдыров.

Коомдук кеңештер анын алдында президент Садыр Жапаровго да кайрылуу жолдоп, бул институт мамлекеттик мекемелердин ачык иштешине, коррупциянын жоюлушуна салым кошуп жатканын билдиришкен. Садыр Жапаров жана анын администрациясы ал тууралуу комментарий берген эмес.

Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Демилгени жарандык коом жана ишкерлер колдоп, 2014-жылы "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынган.

Байкоочу кеңештерге ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү эки жылга тандалат.

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кенеш бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG