Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформасын улантарын билдирди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды. Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин министр кезинде баштаган реформаларды улантып, аягына чыгарарын айтты.

Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир топ менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Ал өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келген.

Ошол маалда Жогорку Кеңеште Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандарынан улам өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакыргандар болгон. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын сунушу менен Бейшеналивге сөгүш жарыялаган.

Бейшеналиев ушул жылы июнда кармалган да, көп өтпөй үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген. Ага чейин экс-министр башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалдашып жатканы, чырды териштирүү үчүн атайын комиссия да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан. Эки жетекчинин иштен убактылуу четтетилип, бирок кайра Зулушев кызматка киришип, Бейшеналиев үй камагына чыгарылганда "соодалашуу жүргөн" деген күмөндүү ойлорду жокко чыгарган.

Буга чейин парламенттин Социалдык саясат комитети дагы Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG