Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Кремль Ким Чен Ындын Орусияга келерин ырастады


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Приморье аймагындагы Хасан станциясында. 24-апрель, 2019-жыл. Орусия. Архивдеги сүрөт.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Приморье аймагындагы Хасан станциясында. 24-апрель, 2019-жыл. Орусия. Архивдеги сүрөт.

Кремль Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакыны күндөрү Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга келерин 11-сентябрда ырастады.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Ким Путин менен жолугуу үчүн чопкутталган поездде Владивостокко жөнөгөнүн жазышкан.

Ким Чен Ын менен Путин жакын арада Владивостокто жолугуп, Пхеньяндын Москвага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн экенин АКШнын бийлиги 4-сентябрда билдирген. Кремль анда бул маалыматты ырастоодон баш тарткан.

Маалыматка караганда, Путин Кимди Орусияга артиллериялык ок-дарыларды жана танктарга каршы ракеталарды жөнөтүүгө ынандырууну көздөйт.

Ал эми Ким Москвадан спутник жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелер үчүн жаңы технологияларды алгысы келет. Түндүк Корея ошондой эле азык-түлүккө муктаж.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракетин көрүп жатат.

Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолугушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG