Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Германиянын тышкы иштер министри төртүнчү ирет Киевге барды


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок. 23-март, 2023-жыл. Скопье. Архивдеги сүрөт.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок. 23-март, 2023-жыл. Скопье. Архивдеги сүрөт.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок алдын ала жарыялабастан 11-сентябрда Украинага барды. Бул анын Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Киевге жасаган төртүнчү сапары.

Бербок Германия Украинаны колдоорун билдирип, расмий Киевди бир катар реформаларды жүргүзүүнү, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырды.

«Бомбалар жаап, орус танктары маңдайында турганына карабастан Украина Евробиримдикке кирүү жолуна чечкиндүү жана ишенимдүү турду. Украина кажыбас эрктүүлүгү менен баарыбыздын эркиндигибизди коргоп жатат. Украина бизди коргогондой эле, бизге дагы ишене берсе болот»-деди Бербок.

Украина 2022-жылы июнь айында Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алган. Анда Еврокомиссия Киевдин алдына жети тапшырма койгон. Брюссел билдиргендей, украин бийлиги тапшырмалардын айрымдарын жарым-жартылай ишке ашырды.

Германиянын тышкы иштер министри Киевде жасаган билдирүүсүндө орус президенти Владимир Путинди кескин сынга алды.

«Орусия бомбалар менен гана өлтүрбөстөн, миңден украин балдарынын келечегин уурдап жатат. Путинди мектептер да, базарлар да, дан кампалары да, автобекеттер да токто албайт»-деди Бербок.

Эксперттер белгилегендей, Бербок Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясын утурлай Киевге баруу менен Украинага тилектештегин көрсөткүсү келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG