Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Баткендеги сугат суу маселесин чечүүгө багытталган "Теке секирик" долбоору 2006-жылдан бери ишке ашпай жатканын сынга алды. Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов өкмөт долбоорун даярдоого байланыштуу кытайлык компанияга кайрылганын, учурда жообун күтүп жатканын айтты.

"Мындай долбоорлорду даярдаган ишканалар бизде жок болгону үчүн чет өлкөлүк ишканалар менен иштешүүгө туура келип жатат. Буга чейин силерге маалымат берилгендей, кытайлык компания тандалган. Алар сураган бардык маалыматтар жиберилген. Бүгүнкү күндө иш кагаздарды даярдаш керек болуп жатат. Биздин өкүлдөр Кытайга июнь айында барган. Августта алар сураган кошумча маалыматтар дагы жиберилди. Кытайдан адистер келиши керек эле, күтүп жатабыз. Качан келишери тууралуу маалымат берише элек".

Баткенде жүздөгөн гектар жерге сугат суу жеткирүү, такыр аянттарды айдоо талаасына айлантуу каралган долбоор 2006-жылы башталган. Былтыр Финансы министрлиги иш 2023-жылы башталарын, төрт-беш жылдын ичинде аяктарын, бюджеттен 500 миллион сом бөлүнөрүн билдирген.

"Теке секирик" долбоорун ишке ашыруу маселе былтыркы курултайда дагы көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG