Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

Президент Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясын сындады


"Жыргалаң" санаторийиндеги көчмө жыйын. 10-сентябрь, 2023-жыл.
"Жыргалаң" санаторийиндеги көчмө жыйын. 10-сентябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 10-сентябрда Ысык-Көлдөгү Жыргалаң санаторийинин толук оңдоодон өткөрүлгөндөн кийинки абалы менен таанышты.

Жапаров санаторийдин аймагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка кабинет мүчөлөрүнүн, фракция лидерлеринин, кесиптик кошуундардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын курду.

Анда Кесиптик кошуундар федерациясын балансындагы курорттук жана туристтик обьектилерди натыйжасыз башкарып жатат деп кескин сынга алды. Акыркы 30 жыл бою федерация алгылыктуу ищ кылбаганын, алардын карамагындагы курорт-санаторийлердин баарынын абалы начар экенин, көпчүлүгү менчикке сатылып кеткенин айтты.

Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагындагы 284 объектинин 134ү мыйзамсыз сатылганын кошумчалады.

Мындан ары бул жагдайдын баары көзөмөлгө алынарын белгиледи. Башкы прокуратурага жана Эсептөө палатасына мыйзамсыз сатылган объектилерди жана жер тилкелерин иреттештирип, мамлекетке кайтаруу боюнча ишти баштоону тапшырды.

Министрлер кабинетине Кесиптик кошуундар федерациясы менен алардын иштөө принциптерин кайра карап чыгуу, санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди заманбап абалга келтирүү үчүн биргелешкен иш-аракеттердин планын белгилөө, ошондой эле жолдомолорду бөлүштүрүү принцибин кайрадан карап чыгуу табыштады.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Кесиптик кошуундар федерациясына жыл сайын мамлекеттен 600 млн сомго жакын, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 млн. сомдон балдар лагерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоого каражаттар бөлүнүп турган.

Федерациянын жетекчилиги өз дарегине айтылган сынга жооп бере элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG