Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Кайра шайлоо: Саат 10:00гө карата 1,62% шайлоочу добуш берди


Ленин бир мандаттуу округундагы кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл
Ленин бир мандаттуу округундагы кайра шайлоо. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагындагы кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 2060 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 1,62% түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

"Бул албетте азыраак. Бирок мен шайлоочулар добуш берүүнүн аягына чейин жарандык активдүүлүгүн көрсөтөт деп ишенем".

Шайназаровдун сөзү боюнча добуш берүүдөгү коопсуздукка, мыйзам бузууларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери байкоо салууда. Өнөктүк башталгандан бери түрдүү мыйзам бузууларга даттанып, талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрүнөн сегиз кайрылуу келип түштү.

"Мунун ичинен төрт кайрылуу добуш сатып алуу аракети боюнча, бирөө талапкердин соттуулугу жоюлбаганы жөнүндө, экөө үгүт жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар, бирөө административдик мыйзам бузуу боюнча. Булардын ичинен алты ишке карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча жыйынтык чыгарылды. Эки факт боюнча иш жүрүп жатат", - деди Шайназаров.

Бүгүн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо жүрүп жатат. Ушул тапта 51 добуш берүү участогу иштеп жатканын БШК маалымдаган.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у - эркек, бешөө -аялдар.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.(ZKo/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG