Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Марокко: ооруканалар зилзаладан жабыркагандарга толду


Зилзаладан жабыр тарткан Марокко.
Зилзаладан жабыр тарткан Марокко.

Мароккодогу зилзаладан каза тапкандардын саны 800дөн ашты. Мындай маалыматты өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү кечки саат 23:00дөн өткөн маалда Марокконун борбордук бөлүгүндө күчү 6,8 баллга жеткен катуу силкинүү катталган. 9-сентябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө карата зилзаладан каза тапкандардын саны кеминде 820 деп эсептелүүдө.

Жер титирөөнүн очогу Марракеш шаарынан 71 чакырым түштүк-батыш тарапта, Атлас тоолорунда 18,5 чакырым тереңдикте болгон.

Силкинүүнүн экинчи толкуну 19 мүнөттөн кийин кайталанып, күчү 4,9 баллга жеткен. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлагандай, каза болгондор Марракеште жана анын түштүк тарабындагы бир катар райондордо бар. Жабырлануучулардын көпчүлүгү жетүүгө кыйын болгон алыскы райондордун жашоочулары

Би-Би-Си радиосу маалымдагандай, өкмөттүн үйлөрүнө кайтпай туруу боюнча эскертүүсүнөн улам, көпчүлүк марокколуктар өткөн түндү сыртта өткөрүштү. Марракештин ооруканалары жарадарларга жык толгону жана бийлик жарандарын кан тапшырууга чакырып жатканы кабарланды.

Дүйнө өлкөлөрү зилзаладан жабыр тарткан Мароккого чукул гуманитардык жардамдарды уюштуруп жатышат.

Жер титирөөдөн жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экени азырынча тактала элек. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG