Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Мароккодо жер титирөөдөн 300гө жакын адам каза тапты


Касабланка шаарынын тургундары жер титирөөдөн улам үйлөрүн таштап, көчөдө олтурушат.
Касабланка шаарынын тургундары жер титирөөдөн улам үйлөрүн таштап, көчөдө олтурушат.

Мароккодо күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, кыйроодон улам кеминде 296 адам каза тапты. Мындай кабарды Би-Би-Си радиосу Марокконун Ички иштер министрлигине таянып жазды.

Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыкта катталган зилзаланын күчү 7,2 баллга жеткен. Америка Кошмо Штаттарынын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6,8 балл деп баалаган.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча кечки 23:00дө Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыктагы Атлас тоолорунда болгон. Анын күчү Атлантика океанынын жээгиндеги Рабат, Касабланка жана Эс-Сувейра шаарларында да сезилген.

Марракеш ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген тарыхый эски шаар. Reuters агенттиги шаар жашоочуларынын маалыматына таянып кабарлагандай, жер титирөөдөн улам бир катар имараттар урап түшкөн. Агенттик алгач ондогон өлүм тууралуу кабарлады. Алардын көбү жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо болгон. Кийинчерээк Марокконун Ички иштер министрлиги бери дегенде 296 адам каза болгонун жана 153ү жаракат алганынын маалымдады. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG