Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Румыния Украина менен чектеш аймактарында коопсуздукту күчөтөт


Орусиянын дронунун сыныктары табылган жер. Румыния.
Орусиянын дронунун сыныктары табылган жер. Румыния.

Орусиянын Украинага чабуулу учурунда дрон сыныктары Румыниянын аймагына түшкөнүнө байланыштуу Бухарест чек арадагы коопсуздукту күчөтмөй болду. Бул тууралуу 8-сентябрда жергиликтүү медиа Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук комитетке таянып кабарлады.

Комитет Украинага чектешкен жерлерде - Дунай дарыясынын жээгинде көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды. Бул аймактар орус армиясынын такай чабуулунан жапа чеккен Украинанын Одесса облусундагы Рени жана Измаил портторуна жакын.

Digi24 басылмасы маалымдагандай, румын бийлиги коопсуздук чараларынын алкагында бомбадан баш калкалоочу жайларды уюштуруп, коркунуч тууралуу элге убагында эскертүү берүүгө көңүл бурмакчы.

4-сентябрда украин бийлиги Измаил портуна жасалган чабуулдан кийин Орусиянын дрону НАТОнун мүчөсү - Румыниянын аймагына кулап түшкөнүн жарыялаган. Бухарест алгач аны тастыктаган эмес.

6-сентябрда коргоо министри Анхел Тилвар Румыниядан дрондун калдыктары табылганын, ал орусиялык курал болушу ыктымал экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG