Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

Mega компаниясына Айбек Күрөңкеев жетекчи болуп дайындалды


Айбек Күрөңкеев
Айбек Күрөңкеев

Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасынын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) жетекчиси алмашты. Нурлан Мамытов кызматтан алынып, ордуна 8-сентябрда Айбек Күрөңкеев дайындалганын "Азаттыкка" аталган компаниядан билдиришти. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.

39 жаштагы Күрөңкеев буга чейин бир катар жеке компанияларда жетекчи болгон. Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору кызматын аркалаган.

Быйыл июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телеком” ишканасын 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарган. Арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталган, 2-октябрда аяктайт.

Өткөн жылдын аягында "Альфа Телекомду" сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда "Мега" мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG