Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин үзгүлтүксүз улантат


Wildberries компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн машине.
Wildberries компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн машине.

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин токтотпой турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыялады.

Мунун алдында ушул эле мекеме соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушканын, компания Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлаган. Буга Казакстан Wildberries ишканасынан айрым документтерин берүүнү талап кылып жатканы негиз болгону айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Товарларды аба каттамы жана темир жол аркылуу ташуу жолдору да каралып жатат.

Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товарларды бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.

Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG