Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:25

Роскомнадзор жарым жылда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөдү


2023-жылдын жарымында эле Роскомнадзор Орусияда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөдү. Андан тышкары миллиондон ашуун макалага өзүнчө бөгөт коюлган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85% көп экенин "Коммерсант" басылмасы жазды.

Роскомнадзор интернетте орус бийлиги "тыюу салынган" деп эсептеген маалыматтарды жабат. Чечимдерди сот, прокуратура, Федералдык салык кызматы, Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик жана башка мекемелер кабыл алат. Алар мындай чечимди көбүнчө "орусиялыктарды экстремисттик, порнографиялык, баңгизат тууралуу маалыматтардан коргоо үчүн" кабыл алганын белгилешет.

Мындан тышкары, интернет колдонуучуларына “чет элдик агенттердин”, ЛГБТ коомчулугунун макалаларын, Орусиянын Коргоо министрлигинин Украинадагы согуш тууралуу турумуна дал келбеген жаңылыктарды окууга тыюу салууга аракет кылышат.

Эми орус бийлиги бөгөттү кантип буйтап өтүү керектиги тууралуу маалымат тараткан сайттарга тыюу салууну сунуштап жатат. VPN-кызматтарына да чектөө коюлууда. Бирок, “Коммерсант” маектешкен эксперттердин айтымында, VPN кызматтарын толук бөгөттөө күмөн.

Москванын Украинадагы согушу башталгандан бери Орусияда жүз миңдеген сайттар менен кошо Facebook, Instagram жана Twitter сыяктуу социалдык түйүндөр, көптөгөн көз карандысыз медиалардын сайттары бөгөттөлдү, алардын катарында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун сайты да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG