Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Темир Сариев чек арадагы кезек үчүн Казакстанды сындады


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев кыргыз-казак чек арасында утур-утур пайда болгон жүк ташуучу автоунаалардын кезеги үчүн Казакстанды сындады. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында айтты.

“Бул жыл сайын кайталанат. Ушундан улам биздин бизнес жабыр тартууда. Жөн эле ар кандай шылтоолорду таап, чек араны жаап коёсуңар. Ишкерлерге аткарылбай турган шарттар коюлат. Бизнесмендер өтө көп чыгым тартып, товарлары күйүп кетүүдө. Чек арадан өткөндөн кийин өлкөнүн ичинен да тососуңар. Ишкерлер 5-20 күндөп туруп калышууда”, - деди Сариев.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын узун кезеги жаралган. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды “Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат” деп айыптаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, ошол күндөрү 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатканын айткан. Мындай абал дээрлик 10 күнгө созулуп, кезек күткөн машиналардын саны 500дөн ашкан.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган эле.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет. Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылы Сариев премьер-министр болуп турган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG