Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:41

АКШ Украинага дагы бир миллиард долларга чейин жардам берет


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Киев, 6-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Киев, 6-сентябрь, 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинага 1 миллиард долларга чейин жаңы жардам топтомун берерин билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен болгон брифингде ал пакеттин 665 миллион доллардан ашыгы аскердик жана жарандык коопсуздук үчүн жумшаларын айтты.

"Жалпысынан, орус агрессиясы башталгандан бери биз коопсуздукту камсыздоого 43 миллиард доллардан ашык каражат бөлдүк", - деди Блинкен.

Ал мурда жарыяланбаган сапар менен Киевге 6-сентябрда келди. Анын алдында Украинанын баш калаасы жана Киев облусу Орусиянын ракеталык чабуулуна туш болду.

Орусия Украинага басып киргенден бери Блинкен Киевге төртүнчү жолу келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG