Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Депутат Ормонов ЕАЭБ жоболору бузулуп жатканын айтты


Кыргыз-казак чек арасы. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. 22-август, 2023-жыл.
Кыргыз-казак чек арасы. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. 22-август, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов август айынын соңундагы кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга токтолуп, эки өлкө мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жоболору бузулуп жатканын айтты. Ал бул маселени 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Министрлер кабинетин бул боюнча чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды.

"Эмне үчүн ушул күнгө чейин биздин Министрлер кабинетинин төрагасы реакция кылбайт? ЕАЭБ жоболору эмне болуп жатат? Эгерде каалаган маалда чек араны жаап, биздин жүктөрдү өткөрбөй койсо, ошондой биримдиктин бизге кереги барбы? Көп суроолор бар. Евразиялык биримдиктин атайын жетекчилиги бар. Алар эмне иш кылып жатышат? Чек араны каалаган учурда ачып, кайра жапкандай, бул оюнбу? 500дөн ашуун жүк ташуучу машиналар кезек күтүп турушту. Бул сезон маалында, эң керек, мөмө-жемиш бышып экспортко чыгарып жаткан учурда болуп жатат. Бул биринчи жолу эмес", - деди Ормонов.

Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңешке толук маалымат берүү боюнча Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берилди.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын узун кезеги жаралган. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды "Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, ошол күндөрү 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатканын айткан. Мындай абал дээрлик 10 күнгө созулуп, кезек күткөн машиналардын саны 500дөн ашкан.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган эле. Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG