Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:21

Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы Торхам жолу жабылды


Ооганстан менен Пакистандын чек арасы.
Ооганстан менен Пакистандын чек арасы.

Пакистан аскерлери менен "Талибан" күчтөрүнүн ортосундагы ок атышуудан кийин Торхам жолунда каттам токтотулду.

Эки тараптын расмий өкүлдөрү жана күбөлөр билдиргендей, 6-сентябрда талиптердин Торхамда пост куруу аракетине Пакистандын коопсуздук күчтөрү каршылык көрсөтүшкөн. Ортодо кагылышуу жаралып, атышуу болгон.

Хайбер полициясы эки саатка созулган чатакта пакистандык бир жоокер жараат алганын, автоунаалар менен имараттар талкаланганын билдирди.

Ошол эле учурда ооган консулдугунун кызматкери "Машал" радиосуна Пешаварда бир нече адам набыт болгонун айтты.

Аталган радио 7-сентябрда абал туруктуу экенин, жол ачыла электигин жергиликтүү бийликке таянып кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG