Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

ТикТоктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди


Тиктоктун логосу.
Тиктоктун логосу.

TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов учурда кыргыз өкмөтү менен ТикТоктун өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын "Азаттыкка" ырастады.

"Биз жаш курак боюнча чектөө киргизүү, платформанын тартиптерин Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүү сыяктуу талаптарды койгонбуз. Азыр алар техникалык жактан да кыйынчылык болуп жатканын айтышууда. Бул сүйлөшүүлөр уланат", - деди Ибрагимов.

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" деп баалагандар да болгон.

Тиркеме 2016-жылы Кытай рыногуна чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG