Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Депутат Кара-Кече көмүрүнө тыюу, жол кирени көтөрүү чечимдерин сындады


Кара-Кече көмүрү. Иллюстрациялык сүрөт
Кара-Кече көмүрү. Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салган чечимин сындап, бул элдин нааразылыгын жаратышы мүмкүн экенин билдирди. Икрамов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Казакстандын кымбатыраак баадагы көмүрүн сатуу элди тоноого барабар экенин белгилеген.

"Кара-Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү “сапаты жакшы” деп айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн", - деп жазган Икраимов.

Депутат ошондой эле Бишкек мэриясынын коомдук транспортко жол кирени көтөрүү сунушу элдин чөнтөгүнө оорчулук алып келерин белгилеген.

Ушул эле маселе парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында көтөрүлүп, бул элдин нааразылыгын жаратышы ыктымалдыгы айтылган.

Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынарын энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев "Азаттыкка" билдирген. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин белгилеген.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин болжол менен 20-22 сомго көтөрүүнү сунуштаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG