Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Зеленский Констаниновкага чабуулда карапайым адамдар өлгөнүн билдирди


Константиновкада базарга урулган соккудан кийинки куткаруу иштери маалында тартылган сүрөт.
Константиновкада базарга урулган соккудан кийинки куткаруу иштери маалында тартылган сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Констаниновка калаасына орус армиясы урган соккуда базардагы карапайым адамдар өлгөнүн айтып, Москваны бул ырайымсыздык үчүн күнөөлөдү. Ал Телеграмга базарга артиллериялык кол салуу болгон учур тартылып калган видеону жарыялады.

Зеленский курмандыктар жана жараат алгандардын саны өсүшү ыктымалдыгын белгилеп, Орусияны тезирээк жеңүү керектигин билдирди.

Орус армиясы 6-сентябрда Константиновкадагы базарга чабуул койгондо бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Москва бул соккуга комментарий берген жок.

Бул күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге иш сапар менен келген.

Бириккен Улуттар Уюмунун августтагы эсебинде, Орусиянын Украинада бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушунда 9500дөн ашуун карапайым тургун набыт болуп, 17 миңден көбү жараат алды. Уюм курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Далилдерге карабай, Москва Украинада жайкын тургундар бутага алынганын четке кагып, соккулар аскердик объектилерге гана урулуп жатканын билдирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG