Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

"Бүтүн Кыргызстан" Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталат. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев 6-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

Ал эртеңки жыйында Мадумаровдун маселеси көтөрүлө турганын, фракциянын жыйыны өтүп, анда укук коргоо органдарынын маалыматы угуларын белгиледи.

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында фракциянын мүчөсү, депутат Гуля Кожогулова бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алууну сунуштаган.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Адахан Мадумаровдун иши боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, иш мыйзам чегинде териштерилишин талап кыларын айткан.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG