Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Гуля Кожокулова: “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калат


Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун иши боюнча парламентке укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу сунушун берди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жалпы жыйынында айтып, Адахан Мадумаров мыйзамсыз камалганын билдирди.

“Биз оппозициялык фракция бойдон калабыз жана мамлекеттик органдардан, бийликтен Конституциянын, мыйзамдардын так аткарылышын, Кыргызстандын жарандарына калыс мамиле кылышын талап кылабыз”, - деди Гуля Кожокулова.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Адахан Мадумаровдун иши боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, иш мыйзам чегинде териштерилишин талап кыларын айтты.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG