Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Германия Украинага Gepard зениттик системасы үчүн ок-дары берди


Gepard
Gepard

Берлин Украинага Gepard зениттик системасы үчүн ок-дары бергенин 5-сентябрда Германиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Министр Борис Писториус немис өкмөтү Киевди артиллерия, ок-дары жана абадан коргонуу системалары менен камсыздоону уланта турганын айтты. Жетишилген макулдашуулардын алкагында Украина зениттик системалар үчүн 300 миң снаряд алат.

11-июлда НАТОнун Вильнюстагы саммитинде министр Писториус Германия Украинага 700 миллион евро өлчөмүндөгү аскерий жардамдын жаңы пакетин бөлгөнүн жарыялаган.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү курал-жабдык жактан жардам берип келет. Келишимге ылайык, Киев ал куралдарды коргонуу үчүн гана колдонууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG