Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Кыргызстан жарандык паспортту өзү чыгара баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басыла баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчы Эрбол Султанбаев 5-сентябрда Фейсбук баракчасына жазды. Маалыматка караганда, “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

"Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынды. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык. Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал тургай кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан. Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес", - деп жазды Султанбаев.

Ал жыл сайын Кыргызстан чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылып келгенин, бул өлкөдө басылып чыккан баадан үч эсе кымбат жасалганын белгилеген. Ошону менен катар "паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөрүн" жазган.

"Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес. Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен теңтайлаша алат. Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт", - деген президенттин басма сөз катчысы.

Султанбаев кийинки жылдан тартып Кыргызстан улуттук валютаны да өзү басып чыгара баштарын кошумчалаган.


Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.

Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар дагы болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG