Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Өзбек өкмөтү көзү өткөн Шерали Жураевге сый көрсөттү


Өзбекстандын өкмөтүнүн Эл артисти Шерали Жураевдин көзү өткөнүнө байланыштуу жарыялаган көңүл айтуусуна президент Шавкат Мирзиёев, Сенаттын төрайымы Танзила Норбоева, өкмөт башчы Абдулла Арипов баштаган жогорку даражалуу чиновниктер кол коюшту.

Алар Шерали Жураевди улуттук музыканын көрүнүктүү ишмери, устаты деп сыпаттап, маданияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошконун, өзбек ырчылык өнөрүн дүйнөгө таанытканын белгилешти.

Жураев Борбор Азияга таанымал ырчы, Өзбекстандын жана Тажикстандын Эл артисти наамын алган. 1990-94-жылдары парламент депутаты болгон. Ислам Каримов президент кезинде, 1995-жылдын 2016-жылга чейин анын ырчылык өнөрүнө расмий эмес тыюу салынган. Ырлары радиодон уктурулбай, теледен көрсөтүлбөй, концерт өткөрүүгө уруксат берилген эмес.

Ал Каримовдун өлүмүнөн кийин, 2017-жылдын январында чоң сахнага кайтып келген. Ошол жылдын августунда жаңы түзүлгөн “Мекендештер” коомдук фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Шерали Жураев 4-сентябрда 77 жашында дүйнөдөн өттү. Анын сөөгү Ташкенттеги белгилүү "Шейх Зайниддин" көрүстөнүндө жерге берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG