Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Эрдоган дан экспорттоо боюнча "маанилүү" билдирүүсү бар экенин айтты


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын лидери Владимир Путин Астанадагы жыйында. 13-октябрь, 2022-жыл. Казакстан. Архивдеги сүрөт.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын лидери Владимир Путин Астанадагы жыйында. 13-октябрь, 2022-жыл. Казакстан. Архивдеги сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган украин данын экспорттоо боюнча «абдан маанилүү» билдирүү жасайт. Бул тууралуу ал орус лидери Владимир Путин менен 4-сентябрда Сочиде жолугуп жатып айтты.

«Биздин жолугушуудан кийинки маалымат жыйында айта турган билдирүүбүз дүйнө, өзгөчө африкалык мамлекеттер үчүн абдан маанилүү болот деп эсептейм», - деди Эрдоган.

Түрк маалымат каражаттары жазгандай, Эрдоган менен Путиндин бул жолку кездешүүсүндө негизинен украин данын экспорттоого жол берген келишим тууралуу сөз болот.

Ошондой эле эки лидер туткундагы украиналыктар менен орусиялыктарды айырбаштоо маселесин да козгошору күтүлүүдө.

Москва июль айынын соңунда Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого жол берген келишимден чыгып кеткен.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келип, 17-июлда токтоду. Бул аралыкта Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG