Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Шаардык сот Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча чечим чыгарды


Kaktus.media сайтынын логосу.
Kaktus.media сайтынын логосу.

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча тараптардын арызы каралып, чечим чыкты. Судья Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырганын Kaktus.media басылмасынын адвокаты Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" билдирди.

Былтыр декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала чыккан.

“Вечерний Бишкек” бул макалада туура эмес маалымат жазылган деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Ал эми Kaktus.media сотко юридикалык тараптарга моралдык компенсация төлөнбөйт деген негизде соттун чечимине каршы даттанган.

Арызды Биринчи Май райондук соту карап, 23-майда чечим чыгарган жана доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, Юсупованы 500 миң сом, басылманын өзүн 500 миң сом, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик төлөм төлөөгө милдеттендирген.

Эки тарап тең буга макул болбой кийинки инстанцияга кайрылышкан.

Kaktus.media сайтынын адвокаты Нурбек Сыдыков райондук сот журналисттик материалдагы бир гана сөздү жокко чыгарганын, материалда жазылган калган фактылар сотто далилденгенин маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG